Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Депутат майнингдин зыяны тууралуу маселе көтөрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы майнинг ишмердүүлүктүн электр тармагына таасири боюнча маселе бүгүн 11-сентябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында көтөрүлдү.

Депутат Султанбай Айжигитов жыйынга катышып жаткан энергетика министри Таалайбек Ибраевге чакан ГЭСтердин майнинг компаниялар менен байланышы тууралуу суроо узатып, алар өлкөнүн өнүгүшүнө тоскоолдук жаратып жатканын айтты.

“Линияны ээлеп жатышпайбы булар. Баары бир зыяны тийип жатпайбы. Майнинг компаниялардын бизге Кыргызстанга эмне кызыкчылыгы бар, өнүгүүбүзгө эмне салым кошот булар? Жарыбаган салык төлөп, биздин ресурстарыбызды ээлеп жатышпайбы. Экономикалык өнүгүүбүзгө, социалдык маселелерди чечкенге түздөн-түз тоскоолдук жаратып жатпайбы”.

Министр Ибраев депутатка жооп берип, бүгүнкү күндө “Рысалиев” чакан ГЭСи гана майнингге тиешеси бар экенин, жарыкты “Быстровка” подстанциясынан алган дагы бир майнинг-компания 30 МВт керектеп жатканын айтты.

Майнинг ишмердүүлүккө Кыргызстанда тыюу салынбаганын, анын энергосекторго тоскоолдугу жок экенин айткан министр ал компаниялар салык төлөп жатышканын кошумчалады:

“Майнинг бизден алган жок таптакыр. Аны жаап эмне кылам мен? Транзит боюнча проблема жок өткөрүп бергенге. Бизден бир дагы киловатт алган жок. Транзит эле кылып, кошумча акча таап жатабыз”.

Июлдун аягында “Азаттык” “Энергокризис: Кеминдеги майнинг ферма кимдики?” деген иликтөө жарыялаган. Анда фермага ээлик кылган “Соларкоин” Кыргызстандын энергетика системасынын 30 МВт электр кубатын ала турганы, бул айрым райондордун бүтүндөй же теңинин керектөөсүнө тете экендигин тактаган. Бул жагдай Кыргызстандын энергетика системасында өзгөчө кырдаал жарыяланган маалда ишке ашып жатканы коомчулукта кызуу талаш-тартыштарга жем таштаган.

Иликтөөгө президент Садыр Жапаров жооп берип,“жаз-жай мезгилинде өлкөдө электр энергиясы жетиштүү экенин, ал тургай ашып жатканын" тактаган. Ал ошол себептүү мамлекет майнинг фермага электр жарыгын эң кымбат баа менен 1 кВт/с 5 сом 4 тыйындан сатып жатканын айткан.

Мунун артынан энергетика министри Таалайбек Ибраев "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстандын криптовалюта чыгара турган эки гана майнинг компания – Кеминдеги “Соларкоин” жана "Камбар-Ата-2" ГЭСиндеги "МБТ Строй" компаниялары менен келишим түзүлгөнүн тактаган. Ошол эле маалда ал кеп болгон иликтөө чыккандан кийин "Соларкоин" компаниясы электрди Казакстандан алууну чечкенин билдирген. Ибраевдин айтымында, майнинг компания токту коңшу өлкөдөн 1-августтан тартып ала баштамак. “Кыргызстандын энергетика тармагы мурдагы 5 сом 4 тыйындын ордуна транзит үчүн 23 тыйындан гана каражат алат” деген өз интервьюсунда энергетика министри.

Интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акча – криптовалюны өндүрүү, кадимки кендерди казып алуу сыяктуу эле майнинг деп аталат. Аны жүргүзгөн ишкерлер “майнерлер”, ишканалар “майнинг-ферма” деген атка конгон. Майнинг кылуу үчүн мындай фермаларга үзгүлтүксүз түрдө жана көп көлөмдө электр энергиясы керектелет.

XS
SM
MD
LG