Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Сот ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алды


Шаршенбек Абдыкеримов.
Шаршенбек Абдыкеримов.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту 8-сентябрда "АЮ холдингдин" негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовду сыртынан камакка алган чечим чыгарганы белгилүү болду.

Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы 12-сентябрда "Азаттыкка" ырастады.

Маалыматка караганда, чечимде Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылганы, Абдыкеримов кармалса Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 абак деп да аталат) камала тургандыгы жазылган.

Райондук сот ишкерге кайсы берене менен айып тагылганын тактаган жок.

Шаршенбек Абдыкеримов Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти. Ал саясатчы, мурдагы депутат Канатбек Исаев менен чогуу "Кыргызстан" партиясын түптөгөн.

2023-жылдын апрель айында ИИМ Абдыкеримовдун “Аю” компаниясынын заводун тинтип, "260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылды" деп кабарлаган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жазында "Кабар" агенттиги менен болгон маегинде "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ишкана "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди четке каккан. Ал мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келген деген жүйө келтирген.

20 жыл мурда негизделген. "Аю холдингге" 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет. Арасында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башка ишканалар бар.

Абдыкеримов жана анын тарапташтары, жакындары, адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун чечими тууралуу комментарий бере элек. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG