Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:47

Ишкер Абдыкеримовго беш берене менен айып тагылды


Шаршенбек Абдыкеримов
Шаршенбек Абдыкеримов

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы "Аю холдингине" байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында анын негиздөөчүсү, ишкер Шаршенбек Абдыкеримовго беш берене менен айып такты. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы 12-сентябрда тергөөчүнүн сотко келтирген материалдарына таянуу менен билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Абдыкеримовго Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренеси – "Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)" боюнча айып тагылган. Бул беренеде “адамдардын тобу менен алдын ала сүйлөшүп алуу”, “уюшкан топ менен жасоо” жана “ири өлчөмдө” деген үч пункт белгиленген.

Мындан сырткары 238-берене – "Акциздик маркаларды жана/же идентификациялоо каражаттарын жасалмалоо", 41-берене – "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" (экинчи бөлүгү), 240-берене – 2Спиртти жана спирт кошулган ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүү" (экинчи жана үчүнчү бөлүгү) жана 261-берене - "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" (биринчи бөлүгү) боюнча да айып коюлду.

Компанияга байланыштуу ишти тергеп жаткан ИИМдин Тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүнүн негизинде Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Шаршенбек Абдыкеримовду 8-сентябрда сыртынан камакка алганы белгилүү болду.

Абдыкеримов азыр кайда экени белгисиз, ал кармалса Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Бишкектеги №1 тергөө абагына (№21 абак деп да аталат) камалат.

Ал Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы президенти. Ал саясатчы, мурдагы депутат Канатбек Исаев менен чогуу "Кыргызстан" партиясын түптөгөн.

2023-жылдын апрелинде ИИМ “Аю” ишканасынын заводун тинтип,"260 тонна мыйзамсыз спирт, акциздик маркасы жок он эки миң бөтөлкө алкоголь ичимдиктери табылганын" кабарлаган. Натыйжа компаниянын эки кызматкери – Токмок шаарындагы спирт заводунун күзөт бөлүмүнүн башчысы жана ошол эле ишкананын башкы технологу кармалган.

Президент Садыр Жапаров быйыл жазында "Кабар" агенттигине курган маегинде, "Аю" компаниясынын спирт жана арак заводу мамлекетке өтүп жатканын маалымдаган. Ишкана "кустуруу" өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерди четке каккан. Ал мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келген деген жүйө келтирген.

"АЮ Холдинг" мындан 20 жыл мурда негизделген. Курамына 30дай ар түрдүү багытта иштеген компаниялар кирет, алардын катарында "АЮ Курулуш", "АЮ Гранд", "АЮ Лизинг", "АЮ Гарант", "Токмок булз", "Ак сарай" жана башкалар бар.

Абдыкеримов жана анын тарапташтары, жакындары, адвокаттар Биринчи Май райондук сотунун чечими тууралуу комментарий бере элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG