Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Президент төрт судьяны дайындап, эки талапкердин материалдарын артка кайтарды


Президент Садыр Жапаров Чүй жана Ош облустарынын, Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындады. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдиргендей, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши алты талапкер боюнча сунуш берген. Жапаров төрт талапкерди кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду.

Эки талапкер боюнча материалдар кеңешке кайтарылды.

Президенттин жарлыгына ылайык, Нурила Култаева Өзгөн райондук сотуна, Элмира Карабекова Кара-Кулжа райондук сотуна, Жолдошбек Кумашев Ош шаардык сотуна жана Дамир Молоев Бишкек шаардык сотуна судья болуп барышты.

Жапаров бийликке келгенден бери сот системасын реформалай турганын айтып, атайын кеңеш түзгөн.

Азыркы Конституцияга ылайык, президенттин бул жааттагы ыйгарым укугу бир топ кеңейген. Президент Сот адилеттиги боюнча кеңештин сунушу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялыгына талапкерлерди парламентке сунуштайт, андан кийин беш жылдык мөөнөткө дайындайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG