Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

УКМК "Кыргызавтожол" ишканасынын өкүлдөрүн жемкорлукка айыптап жатат


Талас облусунун кире бериши. Архив
Талас облусунун кире бериши. Архив

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Таластагы бөлүмүнүн кызматкерлери коррупцияга шек саналып кармалганын билдирди. Мекеме алар Суусамыр-Талас-Тараз жолун оңдоо иштерине бөлүнгөн акчаны кымырып алганы, анын 1 млн 900 миң сому кайтарылганын кошумчалады.

Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") беренеси менен иш козголгонун кабарлады. Канча киши шек саналып жатканы тууралуу маалымат берген жок.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө, фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

Шек саналып жаткан кызматкерлердин жакындары жана адвокаттар, "Кыргызавтожол" ишканасы комментарий бере элек.

УКМК буга чейин Суусамыр - Талас - Тараз автожолун оңдоо учурунда бюджетке 10 миллион сомдон ашык зыян келтирилгени тууралуу кабар тараткан. (MKt)

XS
SM
MD
LG