Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:15

УКМК: Аламүдүндө миллиондогон жөлөкпулду жымырып алган беш бухгалтер аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Аламүдүн районунда жөлөкпулга бөлүнгөн акчаны жымырып алган деп беш бухгалтер жана социалдык тейлөө боюнча үч кызматкер шектелип жатканын бүгүн 14-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, мындай коррупциялык схема Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызмат адамдарынын мыйзамсыз иштерин аныктоо иш-чаралары алкагында аныкталды.

Министрликтин Аламүдүн районундагы башкармалыгында 2021-2022-жылдар боюнча аудитордук текшерүү жүргүзүлгөнү, мекеменин кызмат адамдары алдын ала сүйлөшүп алып, документтерди жасалмалап, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып 9 миллион сомдон ашуун акчаны жымырып алышканы аныкталганы маалымдалды.

“Учурда тийиштүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат, жыйынтыгында күнөөлүүлөр кылмыш-жаза мыйзамдарынын алкагында кылмыш жообуна тартылат. Козголгон кылмыш ишинин алкагында жогоруда аталган кызмат адамдары ушул сыяктуу социалдык төлөмдөрдү максатсыз ыйгарып алган фактыларды аныктоо боюнча текшерүү жүргүзүү пландалууда”, - деп билдирди УКМК.

Министрлик УКМКнын бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда экенин далилдейт. (RK)

XS
SM
MD
LG