Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Министрликтен кеткен Базарбаев башка кызматка дайындалды


Кудайберген Базарбаев
Кудайберген Базарбаев

Бир апта мурун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган Кудайберген Базарбаев Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Базарбаевди мекеменин жамаатына Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев тааныштырды.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигин быйыл апрелден бери Улан Карыпбеков жетектеп келаткан.

Президент Жапаровдун 7-сентябрдагы жарлыктары менен өкмөттө бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болгон. Анда билим берүү жана илим министри болуп алты айдан бери иштеп жаткан Каныбек Иманалиев "жүктөлгөн милдетин тийиштүү деңгээлде аткарбаган" деген негизде иштен алынган.

Кудайберген Базарбаев эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри кызматынан бошотулган, анын ордуна ага чейин саламаттык сактоо министри болуп турган Гүлнара Баатырова милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Баатырованын ордуна буга чейинки саламаттык сактоо министри, коррупцияга байланыштуу камакка алынып кайра чыккан Алымкадыр Бейшеналиев келген.

Санариптик өнүктүрүү министри Талант Иманов кызматынан бошотулуп, президенттин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин жетекчиси кызматына кеткен. Нурия Кутнаева санарип өнүктүрүү министри, ал ага чейин башкарган Жеке маалыматтарды коргоо боюнча агенттигине Алмамбет Касымбеков жетекчи болду.

Алымкадыр Бейшеналиевдин, Нурия Кутнаеванын жана Гүлнара Баатырованы талапкерлигин Жогорку Кеңеш 13-сентябрда жактырып, ошол эле күнү президент аларды кызматка биротоло дайындады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG