Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:02

Мадумаровдун иши: парламент комиссия түзүү маселесин карабай калды


Адахан Мадумаровду бөгөт чарасын аныктоо үчүн сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь. 2023.
Адахан Мадумаровду бөгөт чарасын аныктоо үчүн сотко алып бараткан учур. 2-сентябрь. 2023.

Бүгүн, 14-сентябрда парламент “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун камакка алынышынын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун териштирүү үчүн депутаттык комиссия түзүү маселесин карабай калды. Буга фракция өзүнүн сунушун кайтарып алганы себеп болду. Жогорку Кеңештин депутаты, фракциянын мүчөсү Гуля Кожокулова "Азаттыктын" суроосуна жооп берип, муну парламентте кворум жоктугу менен түшүндүрдү.

"Кворум жок болгонуна байланыштуу атайын алып салдык. Парламенттин кийинки жыйынында кайра сунуштайбыз. Анткени бүгүн бул маселе өтпөй калса, экинчи жолу сунуш киргизе албай калабыз", - деди депутат.

Буга чейин Гуля Кожокулова аталган фракциянын чечими бар экенин, комиссия түзүү сунушу буга чейин спикерге берилгенин айтткан. Маселе күн тартибине үчүнчү болуп киргизилген.

Эл өкүлү депутаттык комиссия түзүү тууралуу демилгени Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы жыйынында көтөргөн. Бирок парламенттин регламенти боюнча фракциянын чечими керек деген жүйө менен маселе отурумдун күн тартибине киргизилген эмес.

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында депутат Кожокулова бул иш боюнча күч органдарынын жетекчилерин чакырып, маалымат алууну сунуштаган эле.

ИИМ 2-сентябрда камакка алынган Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Мамлекеттик чыккынчылык") менен айып коюлганын билдирген. Биринчи Май райондук соту анын бөгөт чарасын ошол эле күнү карап, 24-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камалган.

Адвокаттар буга каршы шаардык сотко даттанышкан. Бишкек шаардык соту 13-сентябрда Мадумаровдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган.

Башкы прокуратура парламенттен 22-июнда Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга макулдук алган. Анда “бийликтен аша чабуу” деген берене менен айып коюлган. Башкы көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп 2008-2009-жылы бир жыл иштеген. Ошол маалда Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Сөз болгон протоколго байланыштуу ал былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG