Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:08

Европанын бир катар өлкөсүндө iPhone12 сатууга тыюу салынышы мүмкүн


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Бельгияда Apple компаниясынын iPhone 12 телефонунун ден соолукка тийгизүүчү зыяны иликтенет. Санариптик экономика министрлиги телекоммуникацияларды жөнгө салуучу органга ушундай тапшырма берди.

Мурдараак Франция аталган смартфондун радиациялык таасири чектен ашууда деген жүйө менен аны сатууга тыюу салган.

13-сентябрда Apple компаниясы 2020-жылы чыккан iPhone 12 дүйнөлүк радиациялык стандарттарга жооп бергенин бир нече эл аралык уюмдар тастыктаганын билдирген. Компания көз карандысыз бир нече лабораториялык сыноолордун жыйынтыгын алганын айтууда. Apple француз бийлигинин чечимине каршы даттанмакчы.

Франция жакында жүргүзүлгөн радиациялык сыноо учурунда табылган көйгөйлөр жоюлганга чейин iPhone 12 сатууну токтоткон. Анын натыйжасында Европада бул аппараттарга тыюу салуу ыктымалдыгы күчөдү.

Германиянын тармактык жөнгө салуучусу BnetzA агенттиги ушул сыяктуу жараянды башташы мүмкүндүгүн жана француз бийлиги менен тыгыз байланышта экенин маалымдады. Нидерланд бийлиги бул маселени изилдеп жатканын жана америкалык компаниядан кырдаалды тактап берүүнү суранарын кабарлады.

Акыркы жыйырма жылдын ичинде изилдөөчүлөр уюлдук телефондордун ден соолукка тийгизген коркунучтарды баалоо үчүн көптөгөн сыноолорду өткөрүшкөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, уюлдук телефондордун саламаттыкка терс таасири боюнча так корутунду жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG