Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

Бейшеналиев: Бейтапканаларда 33%, ооруканаларда 20% адис жетишпейт


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

15-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин 2023-жылдын алгачкы алты айында аткарган иши каралды.

Кайрадан дайындалган министр Алымкадыр Бейшеналиев баяндама жасап, саламаттык сактоо чөйрөсүнүн абалы, жүргүзүлүп жаткан реформалар жана көйгөйлөрдү чечүү жолдору тууралуу айтты. Суроо-жооп бөлүгүндө депутат Айбек Маткеримов кадр жетишпестиги жөнүндө сурады. Министр ага минтип жооп берди:

“Алгачкы жардам көрсөтүү тобунда кадрлар 67%, стационарларда кадрлар 80% камсыз болгон. Ошондо биринчи топто 33%, экинчи топто 20% кадрлар жетпей жатат”.

Саламаттык сактоо системасында Үй-бүлөлүк догдурлар борборлору, бейтапканалар жана ушул сыяктуу алгачкы жардамды көрсөткөн жайлар “биринчи топ” деп саналса, адистештирилген ооруканалар “экинчи топ” деп аталат.

Соңку маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда 13 миң 775 жогорку билимдүү догдур, 33 миң 510 орто билимдүү медициналык кызматкер бар. Жалпы жонунан бул тармакта 47 миңден ашуун кызматкер иштейт.

Өлкөдө калктын саны өсүп жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына кеминде 60-70 миңдей адис болушу зарыл. Демек кеминде 13-14 миңдей, жалпы 20 миңдей кызматкер жетишпейт. Мунун ичинен үй-бүлөлүк догдур, эндокринолог, педиатр, кардиолог сыяктуу адистерге муктаждык бар. (ErN)

XS
SM
MD
LG