Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:54

100 миңдей кыргызстандык жашоо минимумуна жетпеген пенсия алууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 100 миңге жакын пенсионердин алган пенсиясы жашоо минимумунан төмөн. Бул тууралуу бүгүн 15-сентябрда Бишкекте өткөн пресс-конференцияда Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди:

“Бизде 762 миң пенсионер бар. Ошонун 100 миңге жакыныныкы жетпейт. Бирок биз азыр мыйзам даярдап жатабыз, ал кабыл алынса, аларды дагы жакындатып барабыз”.

Алиевдин айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө жашоо минимуму 6813 сомду түзөт.

2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Быйыл 1-октябрдан тартып кезектеги көбөйтүү болот жана орточо пенсия 9354 сомго жетет. Азыр пенсиянын орточо көлөмү 7662 сомду түзүүдө.

Өкмөт пенсиянын суммасы ар бир адамдын эмгек стажына жана Социалдык фондго которуп келген камсыздандыруу төлөмдөрүнө жараша болорун эскертип келет. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG