Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Энергетика министри кандай шартта электр жарыгы өчүрүлөрүн айтты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев быйыл кышында электр жарыгын өчүрүүлөр болбой турганын билдирди. Эгер калктын жарыкты колдонуусу көбөйүп кетсе, көмөк чордондор менен чубалгылардагы чыңалууну азайтуу үчүн күнүгө 1-2 сааттан өчүрүүгө мажбур болушарын эскертти. Бул тууралуу бүгүн, 15-сентябрда парламенттеги "Ишеним" фракциянын жыйынында күз-кыш мезгилине даярдык боюнча маалымат берип жатып айтты.

Министрдин айтымында, 15-сентябрга карата Токтогул ГЭСине чогулган суунун көлөмү 11 млрд 600 млн кубдан бир аз ашат. Келерки айда бул 100 млн куб көбөйөт деп күтүлүүдө. Ибраев кыштан чыккандан кийин суу сактагычта 7млрд куб калат деп болжолдонуп жатканын кошумчалады. Ал ушундай эле учур 2014-2015-жылдары болгонун, анда суу сактагычта кыштан чыкканда 7 млн кубга жетпеген суу калганын айтты.

"Казакстандан 577 млн кВт саат импорт алынды. Товар алмашууда ошонун 400 миң кВт саатын бердик. Өзбекстандан 146 млн кВт саат товар алмашуу боюнча алынды, жайында болгону 600 миң кВт саат бердик. Түркмөнстан менен 1,7 млрд кВт алуу боюнча келишимге кол коюлган. Анын ичинен 691 млн. кВт саат алынган. Орусия менен 873,9 млн кВт саат боюнча келишимге кол коюлган, анын 142 млн кВт сааты импорттолду", - деди министр.

Ибраев ремонт иштерине токтолуп, учурда Токтогул ГЭСинин 1-3-агрегаттарында, Күрпсай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр ГЭСтеринде ремонт иштери бүткөнүн кошумчалады. Ал эми Үч-Коргон ГЭСинде иштер 75% бүткөн. Бишкек Жылуулук электр борборундагы от казан (котлоагрегат) 30-ноябрда оңдолуп бүтөрү айтылды.

Депутат Чолпон Султанбекова керектөө былтыркыга салыштырмалуу 10 пайызга өскөнүн белгилеп, электр энергиясын алуунун кошумча булактарына кызыкты. Министр күн жана шамалдан электр энергиясын алууга аракет көрүлүп жатканын, мында кошумча 400 мВт электр энергиясы алынарын билдирди.

"Азыр жайында дагы камсыз кылып, ГЭСтерден 25-30 млн кВт тегерегинде суу агызып жатабыз. Күн энергиясын жайында алып, ГЭСтерден суу агызууну азайтышыбыз керек", - деди Ибарев.

Суунун аздыгынан улам президент Садыр Жапаров 1-августтан тарта энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режимин киргизген. Көп өтпөй энерготармакта абал туруктуу экенин, кооптонууга негиз жок экенин билдирген.

Эксперттер өкмөттүн күз-кыш мезгилине даярдык ишинде бири-бирине коошпогон жагдайлар орун алууда деп эсептешет. Буга Бишкекте Кара-Кече көмүрүн жагуу, үйлөрдү электр мештер менен жылытуу боюнча расмий бийликтегилердин ар башка пикирлерин мисал келтиришет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG