Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:54

Кыргызстандын Балдар кодексине байланыштуу маселе БУУ комитетинде талкууланды


Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.
Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева.

Кыргызстандын расмий делегациясы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Балдар укуктары боюнча комитетинин кезектеги жыйынына катышып, бул багытта өлкөдө жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берди. Бул тууралуу 13-сентябрда президенттик администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Швейцариянын Женева шаарында өткөн жыйынга балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асель Чынбаева баштаган делегация катышты. Чынбаева өз сөзүндө Кыргызстанда баланын кызыкчалыктарын коргоо, сот адилеттиги принциптерин киргизүү, баланы басмырлоого жол бербөө, анын үй-бүлөдө жашоого жана тарбияланууга болгон укугун, билим алуу, квалификациялуу медициналык жардамга жетүү укугун камсыз кылуу, баланы жалдап иштетүүгө жол бербөө боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Жыйын түз эфирде көрсөтүлдү. Анда Чынбаева Кыргызстанда Балдар кодексинин жаңы редакциясы сапатынын начардыгынан жана эл аралык стандарттарга жооп бербегендигинен улам кабыл алынбай жатканын айтты.

Бирок комитеттин төрага орун басары Велина Тодорова кодекстин долбоору өлкөнүн эл аралык милдеттенмелерине жооп берери тууралуу маалыматы бар экенин, "сапаты начар" деген жүйөнү угуп таң калып жатканын билдирди.

Балдар кодексинин долбоору бир топ талкуудан кийин Жогорку Кеңеште 2021-жылы 29-июлда кабыл алынган. Бирок үч айдан кийин президент Садыр Жапаров ага кол койбой, кайра парламентке кайтарган жана журналисттердин суроосуна жооп берип жатып “Кайтарсам, демек, кемчиликтери бар. Мен каршы эмесмин, тескерисинче, бул менен идеям болчу. Кайра иштеп чыгышар замат кол коем” деп айткан.

Долбоордун авторлору эгер ал кабыл алынса балдарды коргоо иштери жакшырарын, өлкө боюнча 770 социалдык кызматкерге маянага 2023-жылдан тартып 101 миллион сомдон төлөнүп турмагын жана башка олуттуу иш-чаралар каралганын айтышкан. (RK)

XS
SM
MD
LG