Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:10

Байден Зеленский менен жолугушары кабарланды


Жо Байден жана Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт.
Жо Байден жана Владимир Зеленский. Архивдик сүрөт.

Келерки аптада Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугары белгилүү болду. 16-сентябрда Би-Би-Си АКШ администрациясынын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливанга таянып жазганына караганда, жолугушуу Ак үйдө өтөт.

«Албетте мунун баары Орусия айыгышкан согушта Түндүк Корея сыяктуу өлкөлөрдөн жандалбастап жардам издеп, ал эми Украина өзүнүн контрчабуулундагы ийгилигин улантып жаткан жоопкерчиликтүү учурда болууда», - деди Салливан.

Анын айтымында, Байден украин президентинин азыркы кырдаал боюнча пикирин угуу мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтүп жатат.

Украинанын чыгышындагы Бахмут багытында контрчабуул жүргүзүп жаткан Үчүнчү чабуул бригадасынын аскерлери Андреевка айылын орус күчтөрүнөн бошотконун 15-сентябрда билдирди.

Бахмут Украинадагы уруштун кандуу чордонуна айланган. Ал аймакты Орусиянын жалданма аскерлери жазында алып, орус армиясына өткөрүп берген. Бахмуттун айланасындагы салгылашта "Вагнер" менчик аскердик компаниясы менен согушка катышкан бир нече кыргызстандык жигит набыт болгону тууралуу "Азаттык" атайын иликтөө даярдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG