Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:39

120 бейөкмөт уюм "чет элдик өкүл" мыйзамын кабыл албоого чакырды


Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.

Жарандык коом өкүлдөрү Жогорку Кеңешти “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын кабыл албоого чакырып, 16-сентябрда кайрылуу жарыялашты. 120 уюмдун атынан Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго жолдонгон кайрылууда бул мыйзам “чет элдик агенттер” мыйзамынан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса эркиндик укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешти.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу нормалар бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбей турганы, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюга мүмкүнчүлүк берери, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдарга да бөгөт коюлары айтылды.

“Биздин оюбузча, коом да, мамлекет да бейөкмөт уюмдардын ишинин маанилүүлүгүн жана масштабын толук аңдап түшүнө албай жатат. Алар өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууда. Бул уюмдар мамлекет жана рынок институттары тийиштүү деңгээлде аткара албай жаткан функцияларды аткарып, коомдогу социалдык чыңалууну басып турушат”, - деп айтылды кайрылууда.

“Чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетине келип, жайкы каникул алдында каралбай калган.

Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет:

"Бул мыйзамдын эч кимге зыяны жок. Ал мамлекетте тартип, көзөмөл болсун деген максатта жазылган. Кандай гана бейөкмөт уюм болбосун мамлекетке отчет берсин, ачык-айкындык болсун деген эле максат. Эч кимге тыюу салган жери жок. Эл аралык же бейөкмөт уюм болобу, каалагандай иштей берсин. Салыгын төгүп, Социалдык фондго акчасын төлөсүн да каржылык отчет беришсин”.

Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бардык талаптарын аткарып, ачык иштеп келишерин, отчеттун бардык түрүн убагында тапшырып турушарын, башынан эле ошондой экенин айтууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG