Бишкекте бүгүн 17-сентябрда кезектеги Snow Leopard Run эл аралык жарым марафону өттү. Ак илбирсти коргоого арналган мындай иш-чараны Nomad Sport уюму быйыл төртүнчү жыл уюштурууда.
Кайрымдуулук марафонуна бул жолу беш миңдей киши катталганы, алар Чүй, Абдрахманов, Манас көчөлөрү аркылуу чуркап өтөрү кабарланган.
Марафондун катышуучуларынан түшкөн мүчөлүк төлөмдөрдүн бир бөлүгү ак илбирсти жана анын экосистемасын коргоо иш-чараларына жумшалат.
Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда болжол менен аска-тоолорду мекендеген 330дай ак илбирс бар. Жаратылышка зулумдук кылып, ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган. (RK)