Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Орусияда түрмөдө отурган тажик жарандары өкмөтүнө кайрылышты


Орусия. Түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусия. Түрмө. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын түрмөлөрүнүн биринде отурган тажик жарандары Тажикстандын бийлигине кайрылып, жаза мөөнөтүн мекенинде өтөөгө көмөк сурашты. “Озоди” радиосу билдиргендей, алар Украинадагы согушка азгырып алып кетүү токтобой жатканын, ал жакка өзүлөрү да жөнөтүлүп калышы ыктымалдыгын айтып, Тажикстандын Орусиядагы элчилигине, жергиликтүү диаспорага кайрылуу жөнөтүштү.

Түрмөгө барган атайын адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишимге кол коюп жаткандар бар экени, мисалы, Казан шаарындагы абакта отурган 30 адам мындайга макул болгону, көбү 10-18 жылга эркинен ажыратылгандар экени айтылды.

“Озодинин” маалыматына караганда, Украинадагы согушта орус аскерлеринин катарында Тажикстандын 20 жараны каза болду, алардын баары орус түрмөлөрүндө отургандар болчу.

Кремль Украинага кол салууга буйрук бергенден бери орус абактарынан кан күйгөн кармашка айдалган ондогон борборазиялык мигрант ажал тапты. Темир тордон чыгып, эңсеген эркиндикке жетерин элестеткендер “вагнерчилердин” азгырыгына оңой эле кирген. Айрымдары басымга кабылган.

“Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG