Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Футбол: Кыргызстандын кубогун "Мурас Юнайтед" клубу утту


 "Мурас Юнайтед" командасы жеңишин майрамдап жаткан учуру. Бишкек. 16-сентябрь, 2023-жыл
"Мурас Юнайтед" командасы жеңишин майрамдап жаткан учуру. Бишкек. 16-сентябрь, 2023-жыл

Кыргызстандын футбол боюнча кубогун финалда "Абдыш-Ата" командасын 2:1 эсеби менен уткан "Мурас Юнайтед" командасы жеңди.

Мелдеш 16-сентябрда, Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп, голдорду жеңүүчү командадан Чыңгыз Идрисов менен Артем Сердюк киргизди.

Жалал-Абад шаарынын "Мурас Юнайтед" клубу быйыл дебютант катары өлкө чемпионатына катышып жатат. Ал эми "Абдыш-Ата" командасы 2022-жылы өз тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болгон.

Кыргызстандын футбол боюнча кубогу 1992-жылдан бери өтүп келет. Бул мелдешке быйыл 10 комнада катышып, жыйынтыгында "Абдыш-Ата" менен "Мурас Юнайтед" командалары финалга чыккан.

Кыргызстандын футбол боюнча кубогун эң көп "Дордой" (10 жолу) менен "Алга" (9 жолу уткан) клубдары уткан. "Абдыш-Ата" командасы бул мелдешти беш ирет жеңген. (GT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG