Саламаттыгы жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энесин окутуу долбоору башталып жатканын бүгүн 18-сентябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Мекеменин маалыматына караганда, мамлекетик тапшырыктын негизинде адистер республиканын бардык аймактарында 540 ата-энени психологиялык-педагогикалык жактан түшүнүгүн, билимин өркүндөтүп, өзүлөрүнүн да, балдарынын да дареметин ачууга, бекемдөөгө жардам беришет.
"Ата-энелерди агартуу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин реабилитациялоонун негиздерине окутуу" долбоорун "Бирге ден соолукка" коомдук фонду жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен бирге ишке ашырып жатат.
Министрдин орун басары Жаңыл Алыбаеванын айтымында, былтыр социалдык маанилүү долбоорлорго республикалык бюджеттен 37 млн сом бөлүнсө, быйыл 48,7 млн сом каралууда.
Кыргызстанда 2022-жылы майыптыгы бар адамдардын расмий саны 200 миңдей болгону, алардын 35 миңи балдар экени айтылган. Укук коргоочулар чыныгы саны мындан бир нече эсе көп экенин белгилеп келишет.