Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

АКШ менен Иран бештен туткун алмашты


Flag of the United States of America and Iran
Flag of the United States of America and Iran

АКШ менен Ирандын ортосунда бир нече айга созулган сүйлөшүүлөрдүн алкагында америкалык беш туткун 18-сентябрда Тегерандан Дохага жөнөп кетти.

Катардын учагы беш кишини жана туткундардын эки тууганын алып кеткенин маалымат агенттиктери кабарлашты.

Маалымат каражаттары АКШда эркиндикке чыккан эки ирандык туткун да Доха шаарына келгенин жазышты. Ирандын мамлекеттик каналдары менен байланышы бар англис тилдүү PressTV басылмасы аларды Мехрдад Моин Ансари жана Реза Сархангпур деп тааныштырды.

Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Насер Канаани дүйшөмбү күнкү маалымат жыйында "Иран менен АКШнын ортосундагы туткундарды алмашуу маселеси бүгүн каралат" деп билдирген. Анын айтымында, эки жаран Иранга кайтып келет, бирөө үй-бүлөлүк шартынан улам башка мамлекетке барат, дагы эки киши АКШда калууну чечкен.

Буга чейин Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы туткун алмашуу жана Түштүк Кореяда бөгөттөлгөн ирандык алты миллиард долларды бошотуу боюнча келишим тууралуу кабарлар жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG