Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:48

Жогорку Кеңеште нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүлдү


Тандыр нан.
Тандыр нан.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде депутат Жусупбек Коргонбай уулу нандын кымбатташы боюнча маселе көтөрүп, тиешелүү органдарды чара көрүүгө чакырды.

“Эмне үчүн көчөдө нан, ун кымбаттап кетти? Нандын баасы 40 сомго чыгып кетиптир. Ун миң сомго кымбаттады”, - деди депутат.

Жыйынга катышып жаткан Монополияны жөнгө салуу кызматынын жетекчисинин орун басары Айбек Мамыралиев дан азыктарынын баасынын кымбатташына түшүндүрмө берди.

“Өткөн бейшембиден баштап казак унуна карата баа өсүп баштады. Себеби, Казакстандан келген ундун көлөмү кескин түрдө кыскарды. Ошол жердеги сатуучулар кыргыз тарапка жөнөтпөй жатат. Бул боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө. Өкмөткө сунуштарды бердик”, - деди Мамыралиев.

Март айында Улуттук статистика комитети 2017-2022-жылдар аралыгында дан азыктарынын баасы 51,1% кымбаттаганын билдирген.

Кыргызстан буудайды негизинен Казакстан менен Орусиядан алып келет. Мурда эки өлкөнүн буудай импортундагы үлүшү дээрлик теңме-тең болчу, Орусиядан 55%, Казакстандан 45% келчү. 2022-жылы бул көрсөткүч кескин өзгөрүп, Орусия 97%, Казакстан 3% үлүшкө ээ болгон. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG