Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

"Чет элдик өкүл" мыйзамы кворум жоктугунан каралбай калды


Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.
Иллюстрациялык сүрөт. Жаран Асел Супатаеванын “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамына каршы пикети. 2023-жылдын 10-июну, Бишкек.

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралбай калды. Мыйзам долбоору бүгүн биринчи окууда каралат деп расмий түрдө күн тартибине кирген, бирок кворум болбой калды.

Мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

Долбоор аталган комитетке келип, жайкы каникул алдында каралат деп жатып, ошо бойдон каралбай калган.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Жакында 120 уюм аталган комитеттин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго кайрылуу жолдоп, бул мыйзам “чет элдик агенттер” мыйзамынан айырмасы жоктугун, агент деген сөздү өкүл деп гана алмаштырып коюшканын, эгер ал кабыл алынса эркиндик укуктарына гана эмес, социалдык тармакка жана экономикага залакасы тиерин белгилешкен.

Кайрылууда мыйзам долбоорунда демократия принциптерине карама-каршы келүүчү бир катар басмырлоочу нормалар бар экени, алар өлкөнүн Баш мыйзамына да туура келбей турганы, мамлекеттик органдарга өзүнө жакпаган бейөкмөт уюмду каалагандай жол менен жаап коюга мүмкүнчүлүк берери, калктын орчундуу социалдык муктаждыктарын чечүүгө салымын кошуп келе жаткан уюмдарга да бөгөт коюлары айтылган.

Негизги автор депутат Надира Нарматова документ өкмөттүк эмес уюмдардын ишине тоскоол болбойт деп ишендирип келет:

Бейөкмөт уюмдар мамлекеттик көзөмөлдөөчү органдардын бардык талаптарын аткарып, ачык иштеп келишерин, отчеттун бардык түрүн убагында тапшырып турушарын, башынан эле ошондой экенин айтууда. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG