Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Баку Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" баштаганын жарыялады


Архив. Тоолуу Карабактан тартылган сүрөт.
Архив. Тоолуу Карабактан тартылган сүрөт.

Азербайжан өкмөтү Тоолуу Карабакта "антитеррордук операция" башталганын жарыялады. Коргоо министрлиги 19-сентябрда тараткан билдирүүдө "Конституциялык түзүлүшүн калыбына келтирүү максатында аймакта антитеррордук иш-чаралар башталганы" айтылат. Расмий кабарда Армениянын куралдуу күчтөрүнүн турумдары, аскердик объектилер жок кылынганы белгиленген.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабактын мурдагы башчысы Рубен Варданян аймак артиллериялык аткылоого кабылганын, Степанакертте (азербайжанча аталышы Ханкенди) абадан эскертүү жарыяланганын жазды.

Мунун алдында Хожавенд районунда курулуп жаткан туннелдин жолунда Ички иштер министрлигинин автоунаасы минага жарылып, күч кызматкерлери каза болгону кабарланган. Азербайжан тарап муну армян диверсанттык тобунан көргөн.

Баку Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн командачылыгына жана түрк-орус байкоочу борборунун жетекчилигине маалымат бергенин белгиледи.

Жикчил Тоолуу Карабактагы армян бийлигинин көзөмөлүндөгү Степанакерт армиясы буга чейин азери күчтөрү ок атышпоо режимин бузуп, миномет колдонгонун жарыялаган.

Армениянын Коргоо министрлиги жергиликтүү убакыт менен саат 14:00гө карата чек арада абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди. Армян парламентинин айрым депутаттары Азербайжандын аракетин сындап чыгышты.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей армяндар отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG