Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Орус армиясы Украинадагы мунай заводуна сокку урду


Орус армиясынын дрону тийген кампада тилсиз жоого каршы күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Украиана, Львов. 19-сентябрь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.
Орус армиясынын дрону тийген кампада тилсиз жоого каршы күрөшүп жаткан өрт өчүрүүчүлөр. Украиана, Львов. 19-сентябрь, 2023-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын армиясы 20-сентябрга караган түнү Украинанын аймагына учкучсуз аппараттар менен чабуул коюуну улантты. Украин бийлиги билдиргендей, дрондордун бири Кременчугдагы мунай иштетүүчү заводго тийген.

Полтава облусунун башчысы Дмитрий Лунин соккудан улам заводдо өрт тутанып, өндүрүш убактылуу токтогонун маалымдады. Ал кошумчалагандай, азырынча жабыркагандар жок.

Андан тышкары Днепропетров облусунун аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак орус армиясынын аба чабуулуна Никополь району да дуушар болгонун билдирди.

Кол салуудан беш менчик турак жай, эки автоунаа жана электр зымдары жабыркаганы маалым болду. Жаракат алгандар тууралуу маалымат чыккан жок.

Украиананын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы таңкы билдирүүсүндө соңку бир сутка ичинде орус армиясы учурган 24 дрондун 17си атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский белгилегендей, Орусия Украинага толук кандуу согуш ачкандан бери 6,5 миң ракета жана 3,5 камикадзе-дрондор менен сокку урган. Зеленский чабуулдардын басымдуу бөлүгү жарандык объектилерге багытталганын кошумчалады.

Орусия адатта аскердик объектилерге гана чабуул жасаарын жүйө келтирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG