Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Ысык-Көл районунун үч айылында, Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү


ӨКМ тараткан сүрөт.
ӨКМ тараткан сүрөт.

20-сентябрь күнү нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Чолпон-Ата шаарында жана Ысык-Көл районундагы Бактуу-Долоноту, Темир, Корумду айылдарында сел жүрдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, учурда сел жүргөн аймактарда 50 куткаруучу жана атайын техника үйлөрдү, ички чарбалык жолдорду тазалап жатышат.

Мекеме канча үйгө зыян келтирилгенин тактаган жок.

Буга чейин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратып, 20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүн, айрым жерлерде жаап, сел жүрүшү мүмкүн экенин эскерткен.

Ушул айдын башында Түп районундагы Кең-Суу, Байзак, Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарын сел жүрүп, жалпысынан 150дөй үйдү, кароону топон суу каптаган, көпүрөлөр, чарбалык жолдор бузулган. (AKa)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG