Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:31

Таза суу талап кылган акцияда кармалган үч кишинин соту уланууда


20-сентябрда Сокулук райондук сотунда Чүйдүн Селекция айылындагы жол тосууга шек саналып кармалган блогер Эртай Искаков, Селекция айылынын тургундары Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотовдун соту өтүп жатат.

"Азаттыктын" кабарчысы сот залынан билдиргендей, жараян ачык өтүп жатат. Бирок анда видеого тартууга уруксат берилген жок. Селекция айылынын беш тургуну күбө катары сурак берди. Адвокаттар айыпталуучуларды үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүч келтиришти.

Быйыл июлдун башында Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары аптапта суу жоктугуна нааразы болуп, Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн тосушкан.

Милиция 15-июлда нааразылык акциясына катышкан бир нече кишини суракка чакырган.
Алардын арасынан митингди видеого тартып, Инстаграм аркылуу түз эфирге чыгарган блогер Эртай Искаков, жергиликтүү тургундар Бакыт Балбаев жана Бактыбек Бекболотов камакка алынган. Үчөөнө тең "жол тосууну уюштурган, бейбаштык кылган" деген берене менен иш козголгон.

Алар жана адвокаттары коюлган айып менен макул болгон эмес. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG