Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

Казакстан ЖМКлар жана бейөкмөт уюмдар тобун “чет элдик тыңчылардын” тизмесине киргизди


Казакстандын Министрликтер сарайы. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандын Министрликтер сарайы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын бийлиги расмий түрдө “чет өлкөлөрдөн, эл аралык жана башка өлкөлөрдүн уюмдарынан, чет элдиктерден жана жарандыгы жок адамдардан каражат жана мүлк алган тараптардын реестринин” тизмесин жарыялады. Медиа “чет элдик агенттердин тизмеси” деп атаган реестрдин узундугу учурда 40 сап болуп турат.

Реестрге киргендер арасында Казакстандын ондогон укук коргоо уюмдары, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК), журналисттер жана блогерлер кирди. Анын ичинде норвегиялык Хельсинки Комитетинин Казакстандагы борбору, эл аралык Internews уюму, Адам укуктары боюнча Казакстандагы бюро, “Адил сөз” басма сөздү коргоо уюму, “Эркиндик канаттары” фонду, “Эхо” коомдук уюму, masa.media, malim.kz жана башка медиалар бар.

Адамдардын аты-жөнү менен кошо тиешелүү саптарда алардын жеке идентификациялык номерлери (ИИН) кошо жарыяланды. Бул жеке маалыматтар болуп саналат.

Казакстандын бийлиги өткөн жылы Салык кодексине өзгөртүү киргизип, чет элден каржы алган тараптардын реестрин түзүү чечимин кабыл алган. Өкмөттө бул чара “жарандардын ишеним деңгээлин көтөрүүгө” багытталганы айтылган. Бул чечимди сынга алгандар аны Орусиянын 2012-жылы кабыл алган “чет элдик агенттер” жөнүндө мыйзамы менен окшоштуруп, айыптап жүрүшөт.

Кыргызстанда “чет элдик тыңчы” мыйзамы 2013-2014-жылдары сунушталып, каралбай келген. Андан бери парламентте ушуга үндөш бир-эки мыйзам кабыл алынган. Мыйзамдын мурдагы автору, депутат Надира Нарматова анын атын "чет элдик өкүл" деп өзгөртүп, 2022-жылы кайра алып чыккан. Ал быйыл парламентке киргизилип, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби жана кылмыштуулук менен коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде каралбай калды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG