Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Селекцияда аялын бычактаган кишини сот пробацияга бошоткону белгилүү болду


Шектүүнүн сүрөтүн милиция жарыялады.
Шектүүнүн сүрөтүн милиция жарыялады.

Бишкектин четиндеги Селекция айылында бычакталган келин күйөөсү менен ажырашып, андан бери эки ирет анын зомбулугунан улам милицияга кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков бүгүн 21-сентябрда "Азаттыкка" билдирди.

"Жабыркаган келин былтыр сентябрда мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып, милицияга кайрылган. Сокулук райондук ички иштер кызматкерлери шектүүнү ошол күнү кармап, Кылмыш-жаза кодексинин "Зордуктоо" беренеси менен иш козгогон. Кийин сотто келиндин тосмо арызы боюнча бул иш кыскарган. Келин быйыл январда кайра эле мурдагы күйөөсү зордуктаганын айтып кайрылган. Милиция аны кармап, камакка алган, кылмыш иши козголуп, сотко жиберилген. Сокулук райондук соту ишти карап, айыпталуучуну пробацияга чыгарган экен. Ал соттун мындай чечимине нааразы болуп, Чүй облустук сотуна кайрылган, учурда ошол жакта каралууда".

Сыдыковдун айтымында, 20-сентябрда таңкы саат 7де милицияга кайра кайрылуу түшүп, шектүү ошол жерден кармалган, ал милиция кызматкерлерине кол салууга аракет кылган.

Окуя Селекция айылындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. 36 жаштагы келин бычактан алган жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. 39 жаштагы шектүү "Денеге оор залал келтирүү" беренеси боюнча козголгон иштин алкагында камакка алынган.

Социалдык түйүндөргө чыгып жаткан маалыматтарга караганда, келиндин кулак-мурду кескиленген.

Күйөөсүнүн зомбулугунан майып болуп калган же ажал тапкан коркунучтуу окуялар буга чейин да катталган. Аялдарга жана балдарга зомбулук көрсөткөндөрдүн жазасын катуулатуу, алдын алуу чараларын күчөтүү аракеттерине карабастан мындай окуялар токтобой келүүдө.

Айрым укук коргоочулар буга сот адилеттигинин начардыгынын, укук тартибин коргоо органдарынын кайдыгер мамилесинин да таасири тийип жатканын белгилөөдө.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бейпилдиги боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG