Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:38

Зомбулуктан жабыркаган аялдар маселеси Жогорку Кеңеште көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Зомбулуктан жабыркаган аялдар маселеси бүгүн 21-сентябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында көтөрүлдү. Депутат Гүлшаркан Култаева Селекция айылында мурдагы күйөөсү бычактаган келиндин окуясын мисалга келтирип, бийликти үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын арыздары боюнча кандай иш жасалып жатканына көңүл бурууга чакырды:

“Канча аял кайрылды, ошолордун баары боюнча акырына чейин иш алып баруу тапшырмасын берсеңиз. Анткени бир күн өтөт, эки күн өтөт, акыры келип же денесинен оор жараат алып же өлүмгө учураган окуяларды көрүп калып жатабыз”.

Кыргызстанда “Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө” мыйзам 2017-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, зордук-зомбулук тууралуу милицияга жабыркаган тарап гана эмес, күбөлөр да арыз жаза алышат. Мындай учурда милиция зомбулук көргөн аялга "убактылуу коргонуу ордерин" жазып берет.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып жашап келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Бул күндөрү Чүйдө мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG