Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:53

Орус армиясынын чабуулунда Херсондо дагы үч тургун набыт болду


Киевдин үстүнөн ракетанын мизи кайтарылган учур. 21-сентябрдын таңы.
Киевдин үстүнөн ракетанын мизи кайтарылган учур. 21-сентябрдын таңы.

Орус армиясы Украинанын Херсон облусуна 21-сентябрга караган түнкү чабуул койгондо үч тургун мерт болуп, бешөө жараат алды. Бул тууралуу Херсон шаарынын аскердик админстрациясынын башчысы Роман Мрочко билдирди. Набыт болгондордун бири - 81 жаштагы аял. Чабуул маалында ал батиринде болгон.

Ички иштер министрлиги орус күчтөрү көп кабаттуу үйлөрдү, автоунаа жана базарды бутага алганын маалымдады.

21-сентябрда эртең менен орус армиясы Украинага жапырт чабуул жасаганы тууралуу эки ирет абадан эскертүү жарыяланды. "Азаттыктын" украин кызматы Черкассы, Харьков, Киевде жарадар болгондор бар экенин кабарлады.

Далилдүү көрсөтмөлөргө карабай, Москва Украинада карапайым калк бутага алынганын моюнга албайт жана аскердик объектилерге гана чабуул коюп жатканын билдирет.

Орусия былтыр 24-февралда Украинага кол салган. Муну Москва "атайын операция" деп атайт. Дүйнө коомчулугу Кремлди агрессор катары айыптап, согушту токтотууга чакырып келет. БУУнун эсебинде 2023-жылдын 10-сентябрына карай украиналык 9614 карапайым тургун набыт кетти, 17 500дөн ашууну жараат алды. Уюм курмандыктардын жана жарадарлардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин белгилейт.

XS
SM
MD
LG