Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:30

Илон Маск кишиге Neuralink нейрочибин сынай баштайт


Америкалык миллиардер Илон Маскка таандык Neuralink компаниясы ушундай эле аталыштагы дарылоо аппаратын сыноо үчүн ыктыярчыларды тарта баштады.

Neuralink – мээге орнотулган микрочип. Изилдөөгө жаракаттан же неврологиялык оорудан улам шал болгон адамдар катышат. Эгер сыноо ийгиликтүү өтсө, бейтап кадимки жашоого кайтат.

Микрочипте 3000ден ашык электрод бар, мээге ар бири адамдын чачынан 10 эсе ичке зымдар менен байланышат жана миңдей нейронду башкара алат.

АКШнын Азык-түлүк жана дары-дармектерди көзөмөлдөө агенттиги (FDA) май айында жаңы имплантты жактырган.

Микрочип орнотулган бейтап алты жыл көзөмөлдө болот. Андан кийин гана тыянак чыгарылат. Эгер ийгиликтүү болсо, жапырт колдонууга берилет.

Буга чейин Масктын компаниясы чочконун жана маймылдын мээсине Neuralink микрочибин жайгаштырган. Чочкодо чип буттун кыймылын жөндөгөн нервдерди башкарган, маймылда "ойлонуу" жөндөмү сыналып, ал видеооюндарды ойногон.

Программаны сындагандар мээге орнотулган бөтөн зат инфекция жана сезгенүүнү пайда кылышы мүмкүн экенин айтышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG