Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:22

Шарттуу бошотулгандар боюнча депутаттык комиссия абактарды кыдырып чыкты


Убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны.
Убактылуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйыны.

Түрмөдөн жаза мөөнөтүнөн мурдагы шартуу бошотулгандар тууралуу тиешелүү органдардын ишмердүүлүгүн иликтөө үчүн түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссия 21-сентябрда жыйынга чогулду.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалымдашынча, депутаттык комиссия өлкөдөгү бир катар абактарды кыдырып, отуздан ашык кайрылуу, арыздарды кабыл алышты.

Парламент депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Чүйдүн Степное айылында жайгашкан аялдар абагына июнь айынын башында барып, соттолгондор менен жолугуп келген. Депутат 6-июнда тармактык комитеттин жыйынында акыркы алты ай соттордун чечими менен түрмөдөн шарттуу бошотулгандардын тизмесин алганын, алардын ичинде адам өлтүрүү, баңгизатка байланыштуу оор кылмыштар менен 10 жылдан ашык кесилип, бирок абактан бат эле чыгып кеткендер бар экенин билдирген.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда түрмөгө кесилип, жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотулгандар боюнча сот, прокурор жана тиешелүү органдардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзүп иштей баштаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG