Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:51

Өкмөт ыш маселеси боюнча жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти


Бишкек. Архив сүрөт.
Бишкек. Архив сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкек шаары жана Чүй облусундагы абанын булганышы боюнча мекемелер аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйында кыш мезгилинде абанын булганышы күчөөрү, ага карата чаралар көрүлүп жатканы белгиленди. Төрөбаевдин айтымында, калаада социалдык мекемелердин отканалары газга өтүп, газ менен жүрүүчү 600 автобустун келиши күтүлүп жатат.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары буга чейинки айрым тапшырмалар аткарылбай жатканын сындап, тийиштүү жетекчилердин жоопкерчилигин эскертти.

“Бюрократияны, окшош жоопторду, кыскасы бардыгы аткарылды деген отчетторду токтоткула. Бизге кагаздагы жооптор эмес, реалдуу иш-аракеттер керек”, - деген Төрөбаев жооптуу адамдарга.

Кышында Бишкекте абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланат. Жылытуу сезону башталган учурда баш калааны ыш, кара түтүн каптайт. Адистер буга ЖЭБ, таштанды полигону, жаңы конуштар, машинанын көптүгү, менчик мончолор, көмүр жагуу, өнөр жай өндүрүшү себеп экенин айтып келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG