Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:08

Жаңы-Жер айылындагы окуя: Милиция үч адам кармалганын билдирди


Кармалген шектүүлөр.
Кармалген шектүүлөр.

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында адам өлүмү менен аяктаган калайман мушташ боюнча 26, 35 жана 69 жаштагы үч киши кармалып, убактылуу тергөө жайына камакка алынды. Алардын баары тең Жаңы-Жер айылынын тургундары.

Бул тууралуу 23-сентябрда “Азаттыкка” Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Мекеме окуяга тиешеси бар айылдын дагы эки тургунуна - Курбангаджи Абдуллаев менен Магомед-Эмин Даудовго издөө жарыяланганын билдирди.

“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ок атуучу курал колдонулганы аныкталды. Окуянын чоо-жайын иликтөө үчүн 30дан ашык адам Сокулук райондук милиция бөлүмүнө жеткирилип, суракка алынган”, - деп айтылат маалыматта.

22-сентябрда Жаңы-Жер айылында болгон калайман мушташ маалында атылган октон 69 жаштагы бир киши каза тапкан. Ок тийген дагы бир 37 жаштагы адам ооруканага түшкөн.

Маалымат боюнча, 21-сентябрда балдар спорт залда уруша кеткен. 22-сентябрда алардын ата-энелеринин ортосунда чыр чыгып, уруш массалык мушташка айланган. Ошол маалда балдардын биринин атасы ок чыгарып, андан 69 жаштагы киши каза болгон. (BTo)

Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголду. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG