Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

SpaceX ракетасы 22 интернет-спутникти орбитага чыгарды


"Фалкон-9" ракетасы жана "Крю дрэгон" кемесин учуруу. Флорида, АКШ, 21-май, 2023-жыл
"Фалкон-9" ракетасы жана "Крю дрэгон" кемесин учуруу. Флорида, АКШ, 21-май, 2023-жыл

"Фалкон-9" ракетасы жекшембиде 22 интернет-спутникти космос мейкиндигине чыгарды. Бул тууралуу SpaceX компаниясынын адистери маалымдашты.

Интернет-спутниктер Америка космос күчтөрүнүн Флоридадагы базасынан ишембиде 23:38де учурулган. Болжолдуу бир сааттан кийин спутниктер орбитага чыгарылды.

Бул Starlink долбоорунун алкагында интернет-спутниктердин космос мейкиндигине 2019-жылы май айынан бери 110-жолу, быйыл жыл башынан бери 41-жолу чыгарылышы. Жалпысынан 5,1 миң спутник чыгарылса, айрымдары керектен чыгып, учурда 4,8 миң спутник иштеп жатканы кабарланды.

SpaceX компаниясы дүйшөмбү күнү дагы 21 интернет-спутник менен "Фалкон-9" ракетасын АКШнын Калифорниядагы космос базасынан учурмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG