Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:16

"Вагнердин" мурдагы командири Норвегияда кармалды


"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын мурдагы командири, кышында Норвегияга качып кеткен Андрей Медведев кармалды. Аны норвегиялык полициячылар Орусия чек арасынан алыс эмес жердеги Гренсе-Якобсельве аймагынан кармашканын The Barents Observer басылмасы жазды. Кийинчерээк маалыматты Медведевдин адвокаты да ырастады.

Полициянын маалымдашынча, ал Орусия менен чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракеттенип жаткан жеринен кармалган. Медведевдин адвокаты Брюнюльф Риснес ал чек арадан өтүүнү көздөбөгөнүн айтууда.

Мурдагы "вагнерчи" май айында Орусияга кайтууну көздөп, Осло шаарындагы Орусиянын элчилигине кайрылганы маалым болду.

Андрей Медведев быйыл январда Норвегия өкмөтүнөн башпаанек сураган. "Свобода" радиосу Gulagu.net. долбооруна шилтеме кылып билдиргендей, Медведев ага чек арадан өтүүгө жардам беришкенин айтып, бирок ким экенин ачыктаган эмес.

Медведев мурдагы маектеринин биринде туткунга түшкөн украиндердин өлтүрүлүшү боюнча айткан жана башкы "вагнерчи" Евгений Пригожинге каршы көрсөтмө берүүнү убада кылган. Пригожин өз кезегинде аны "аябай коркунучтуу" деп мүнөздөп, Медведев "туткундарга карата катаал мамилеси үчүн" жоопко тартылууга тийиштигин билдирген.

Сибирь.Реалии сайтынын маалыматына караганда, Медведев Томск облусунда балдар үйүндө чоңойгон. 2014-жылы коллежге тапшырып, көп өтпөй окуудан чыгып калган. Аскерде кызмат өтөгөн соң, 2016-жылы тоноочулук үчүн алгач шарттуу кесилип, кийинчерээк камалган.

Томскидеги №3 абакта жаза өтөп жатып, 2022-жылы "Вагнер" жеке аскер компаниясы менен төрт айга келишим түзгөн. Алгач Сальскиге, андан Луганскиге жиберилип, ал жакта жалданмачылардын отрядынын командири болуп дайындалган. Бахмуттагы согушка катышкан. Анын келишим мөөнөтү алгач алты, кийинчерээк сегиз айга узартылган.

"Кызмат ордунан өз алдынча" кетип калган Андрей Медведев согушка барганы үчүн өкүнөрүн билдирген.

АКШда жана бир катар батыш өлкөлөрүндө "террордук уюм" катары таанылган “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясын Евгений Пригожин жана Дмитрий Уткин негиздеген.

Сирияда бул топтун жалданмалары өзгөчө мыкаачылыгы, дагы башка аскердик кылмыштары аркылуу таанылган. Орусиянын Украинадагы согушуна жоочуларды жалдаган.

Пригожин менен Уткин бараткан учак 23-августта Тверде кулап, набыт болушкан. "Вагнердин" аскерлери уюмдун ишмердиги уланарын билдиришкен.

Орусиянын президенти Владимир Путин аталган компания өкмөттөн каржыланып келгенин моюнга алган.

Орусиянын абактарынан "Вагнерге" азгырылып, Украинадагы согушка катышкан кыргызстандыктар да болгон.

“Азаттык” орус түрмөсүнөн согушка жөнөтүлүп, каза тапкан 10дон ашуун кыргыз жаранын аныктап, алардын жакындарынын арыз-арманын уккан.

XS
SM
MD
LG