Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Министр милиция кызматкерлерин наамынан ажыратуу чарасы колдонулаарын эскертти


ИИМдин онлайн кеңешмеси.
ИИМдин онлайн кеңешмеси.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков 25-сентябрда онлайн кеңешме өткөрүп, кемчилик кетирген кызматкерлерге жаңы кабыл алынган “Тартиптик устав” боюнча чара көрүлөөрүн эскертти. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

“Түздөн-түз ишмердигин жөндөй албаган жетекчилерге карата сын-пикирлерди айтып чектелбестен, ички иштер органдарынан бошотуу, атайын наамынан ажыратуу чечимдерин кабыл алабыз”, - деди министр.

Министр жооптуу жетекчилердин ишмердүүлүгү боюнча рейтинг түзүлөөрүн айтты.

Август айында баңгизат соодасына аралашкан деген шек менен бир нече милиция кызматкери кармалган. Бул окуядан кийин Бишкек ички иштер башкармалыгынан башчысы Азамат Ногойбаев баштаган бир нече киши иштен алынып, бир катар кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылган.

Айрым массалык маалымат каражаттары Ногойбаевди башка кызматка барганын жазып чыгышты. ИИМ бул маалыматты тастыктап же төгүндөгөн эмес.

Соңку күндөрү үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү боюнча милицияга сын-пикир көп айтылып жатат. Ички иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, соңку алты ай ичинде 137 кызматкерге ар кандай тартип жазалары берилген. Алардын 63ү жетекчилик кызматта иштегендер. Буга чейин министр Ниязбеков “Тартиптик уставка" өзгөртүү киргизилип жатканын айтан болчу. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG