Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:41

Сокулукта 22 жаштагы аял үч баласын саткан деп шек саналууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүйдүн Сокулук районунда үч баласын саткан деп шек саналган 22 жаштагы аял кармалып, соттун чечими менен камакка алынды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Сокулук районунун тургуну мурунку аялы балдарын көрсөтпөй жатканын айтып милицияга арыз жазган. Арыздын негизинде териштирүү иштери жүргүзүлүп, 22 жаштагы аял 2021-2022-2023-жылдары төрөлгөн балдарын сатканы аныкталган.

Милициянын маалыматына караганда, шектүү үч баласын ар башка кишилерге берген. Алардын жашаган жери аныкталып, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Учурда Кылмыш жаза кодексинин 167-беренеси («Балдарды соодалоо») боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө уланууда. Шектүү Сокулук райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Бала сатуу учурлары Кыргызстанда буга чейин дагы катталып келген. Бала багып алгысы келгендер баланы асырап алуу процедурасы татаал экенин, бул үчүн документ топтоп жылдап кезек күтүү зарыл экенин айтып келишет. Адистер муну бала сатууга жол ачкан факторлордун бири катары баалашат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG