Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:27

Тажикстан чек арага жакын аэропортторун Коргоо министрлигине өткөрүп берди


Сүрөттөгү учактардын кабарга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.
Сүрөттөгү учактардын кабарга тиешеси жок, иллюстрация үчүн колдонулду.

Тажикстанда шаардык жана райондук башкармалыктардын балансындагы бир нече аэропорт Коргоо министрлигинин карамагына өткөрүлдү. Президент Эмомали Рахмон 31-августта кол койгон тиешелүү жарлыктын көчүрмөсүн "Озоди" радиосу 25-сентябрда жарыялады.

Ага ылайык, Кыргызстандын чек арасына жакын жайгашкан Исфара шаарындагы аэропорт Кожент эл аралык аэропортунун балансынан чыгарылып, Коргоо министрлигине өткөрүлдү.

Ооганстанга жакын жердеги Фархор жана Хамадани райондорундагы аэропорттор да Коргоо министрлигинин карамагына берилет. Буга чейин ал жерлер Коргонууну колдоо коомдук уюмунун көзөмөлүндө болгон.

Жарлыкта Коргоо министрлиги акы төлөп армияда кызмат өтөгөндөрдүн эсебинен аталган аэропортторду калыбына келтирип, турукту иштетиши керектиги жазылган.

Тажикстанда быйыл сентябрдан тарта аскерде альтернативалык негизде кызмат өтөөнүн акысы дээрдик 80% – 2,6 миң доллардан 4,6 миң долларга чейин жогорулаган.

Бийлик аэропортторду Коргоо министрлигине өткөрүүнүн чоо-жайын түшүндүргөн жок. Эксперттер муну менен бийлик жарандык авиацияга эмес, аскердик авиацияга көбүрөөк көңүл бурулуп жатканын көрсөтүүгө аракет кыларын белгилешүүдө.

Дүйшөмбүнүн четиндеги "Айни" аэропорту Тажикстандын аскердик аэропорту катары белгилүү. Буга чейин бир нече мамлекет аны ижарага алып, базаларды ачууга кызыгып жатканы, алардын бири Индия экени кабарланган.

XS
SM
MD
LG