Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:15

“Реформа жана жыйынтык үчүн” уюму аялды зомбулуктан коргоо сунуштарын жарыялады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аялдарга карата зордук-зомбулукту кантип токтотсо болору жөнүндөгү сунуштарын 25-сентябрда “Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмеси жарыялады. Сокулуктун Селекция айылындагы окуяга байланыштуу коомчулук милициянын жана соттордун дарегине туура сын айтып жатканын белгилеген бирикме мамлекеттик система келиндин коопсуздунун камсыз кыла албай калганын, демек, ар бир аял өзүн коопсуз сезиши үчүн системалуу чечимдер жана чаралар керек экенин кошумчалады.

Биринчиден, бирикменин пикиринде, аялдын артынан түшүп, куугунтуктаган эркек эгер ошол жоругун кайталаса катуу жазалана турган чаралар мыйзамда жазылышы керек.

Экинчиден, “келин тосмо арыз жазды” деп, териштирүүнү токтотуп коюу болбошу үчүн аны ошондой арыз жаздырууга мажбурлаган, коркутуп-үркүткөн адамдарды кылмыш жообуна тартуу зарыл.

Күйөөсүнөн кордук көргөн аялга “коргонуу ордерин” жазып берүү жетишсиз экенин белгилеген бирикме үчүнчү сунуш катары мындай учурда мамлекеттик органдардын жардамынын ар бир кадамына чейин жазылган эрежесин иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ал эрежеде психологиялык жана башка жардам камтылышы керектиги айтылды.

Төртүнчү сунуш – милициянын ар бир аймактык бөлүмүндө үй-бүлөлүк, сексуалдык жана башка гендердик зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтө турган өзүнчө адис болушу керек. Ал адис тийиштүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийлик жана жарандык коом менен тыгыз байланышта иштөөгө милдеттүү болот. Басым болбошу үчүн ал түздөн-түз Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратына же социалдык коргоо министрлигине баш ийгендей болушу зарыл.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандагы ар бир төртүнчү аял зомбулукка кабылып жашап келет. Мындай окуялардын 98% күйөөсү айыптуу экени далилденген. Ички иштер министрлиги эки жылда Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 20 аял каза болгонун, жыл сайын 10 миңдей аял үйүндө зомбулукка кабылып жатканын 2022-жылы билдирген.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы зомбулуктун бул түрүнө байланыштуу козголгон кылмыш иштеринин 90% түрдүү себептерден улам сотко жетпей жабылып калып жатканын билдирген.

Бул күндөрү Чүйдүн Селекция айылында мурдагы күйөөсү кулак-мурдун кескилеп салган келиндин окуясы коомчулукта кызуу талкуу жаратууда.

“Реформа жана жыйынтык үчүн” жарандык бирикмесинин курамында 22 коомдук уюм жана жарандык активист бар. (RK)

XS
SM
MD
LG