Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Арменияда бийликтин кетишин талап кылган демонстранттар жол тосту


Арменияда бийликти кетирүү талабы менен нааразылык акциясына чыккандар жол тороп жатышат. Маалымат каражаттары айрым демонстранттар камакка алынганын жазышты.

"Азаттыктын" армян кызматы кабарлагандай, Ереванда акцияга чыккандар ар кайсы көчөлөрдү улам-улам бир нече мүнөткө бууп, жол кыймылын токтотууга аракет кылууда.

Полиция канча адам кармалганы тууралуу кийинчерээк маалымат берилерин билдирди. Тергөө комитети 25-сентябрда билдиргендей, 168 киши камакка алынган. Арасында мурдагы президент Роберт Кочаряндын уулу да бар.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген. Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө.

Андан бери армян оппозициясы Никол Пашиняндын өкмөтүнүн отставкасын талап кылган митингдерди өткөрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG