Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:04

WhatsApp орусиялык колдонуучуларга канал түзүүгө уруксат бербейт


WhatsApp мессенжери орусиялык колдонуучуларга канал түзүүгө уруксат бербейт. Бул тууралуу The Moscow Times басылмасы аталган мессенжерге ээлик кылган Meta компаниясынын өкүлүнө таянып жазды.

WhatsApp тиркемесинде канал ачып, маалымат таратуу функциясы быйыл июнда киргизилген. Бул кызмат сентябрда дүйнөнүн 150 өлкөсүндө иштей баштады.

Буга чейин орус бийлиги эгер колдонуучуларга канал түзүүгө уруксат берсе, WhatsApp бөгөттөлөрүн эскерткен. Москва канал ачуу функциясы аталган мессенжерди "социалдык түйүнгө айлантат" деп эсептейт.

Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Meta компаниясына таандык Facebook жана Instagram түйүндөрүн, жүздөгөн сайттарды бөгөттөгөн. Чектөөдөн айланып өтүү үчүн колдонулган VPN кызматтары да бөгөттөлүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG