Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:00

Тажикстанда бир аптада ун дээрлик 20% кымбаттады


Тажикстанда акыркы бир жумада ун дээрлик 20% кымбаттаганын "Азаттыктын" тажик кызматы жазды.

25-сентябрда Дүйшөмбү шаарынын базарларында биринчи сорттогу бир мүшөк ундун баасы 330 сомониге (30 долларга жакын) чыкты. Он күн мурун 270 сомониден сатылган. Ишкерлер ун сырткы факторлордон улам кымбаттап жатканын айтышат. Монополияга каршы кызмат муну Казакстанда ундун баасы көтөрүлгөнүнө байланыштырды.

Тажикстан өз буудайы менен элдин муктаждыгын камсыздай албайт. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, тургундардын унга болгон жылдык керектөөсү 1,5 миллион тоннаны түзөт. Дан жана ун негизинен Казакстандан сатып алынат.

Өкмөт ун мындан ары да кымбаттаса, кандай чара көрүлөрүн билдирген жок.

Кыргызстанда да ун кымбаттап, сентябрдын ортосунда Министрлер кабинети буудайды жана унду өлкөдөн ташып чыгууга алты айга тыюу салган токтом кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG