Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Карабактагы соңку операцияда Азербайжан тараптан 193 адам каза болду


Тоолуу Карабактан жер которуп кетип жаткандар.
Тоолуу Карабактан жер которуп кетип жаткандар.

Азербайжандын Саламаттык сактоо министрлиги Тоолуу Карабакта 19-20-сентябрдагы "антитеррордук операцияда" каза болгон аскер кызматкерлеринин санын жарыялады.

27-сентябрдагы расмий маалыматта 192 аскер кызматкери жана бир карапайым тургун набыт болуп, 511 жоокер жараат алганы айтылат.

Ал эми Армениянын бийлиги Тоолуу Карабактагы соңку операцияда 200 киши мерт болгонун, 400дөйү жараат алганын, алардын арасында жайкын тургундар, аялдар жана балдар бар экенин билдирген.

19-сентябрда Азербайжандын бир күндүк “антитеррордук аскердик операциясында” Тоолуу Карабактын эл аралык коомчулук тааныбаган өкмөтү Бакуга багынып берген.

Азербайжанга кошулууну каалабаган армяндар Арменияга жер которуп кетүүдө. Ереван тараткан расмий маалыматтарга ылайык, 27-сентябрга карата 28 миңден ашуун адам көчүп барды.

Тоолуу Карабакта 120 миңдей армян жашайт. Армян өкмөтү Бакунун карамагына өткөн аймакта этностук армяндардын тынч жашоосуна кепилдик жоктугун белгилеп, качкындарды кабыл алуу мөөнөтү чектелбей турганын да жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG