Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу сунушталды


Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.
Улуттук банктын имараты, архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин сайтында “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө” мыйзам долбоору жарыяланды. Анда былтыр түзүлгөн Мамлекеттик өнүктүрүү банкын Улуттук банктын көзөмөлүнөн чыгаруу сунушталган.

Мыйзам долбоорунун 4-беренесинде, “Банктар жана банк иштери жөнүндөгү” мыйзам жана Улуттук банктын укуктук ченемдери - Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын ишмердүүлүгүнө колдонулбайт деп айтылат.

Сунушталган долбоорго ылайык, банктын акционери Министрлер кабинети болуп саналат. Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын отчет берүү жана экономикалык ченемдерин Министрлер кабинети белгилейт.

Парламент депутаты Дастан Бекешев Телеграм каналында мыйзам долбоору тийиштүү комитеттен үч окуудан өткөнүн кабарлады.

Улуттук банк - банктардын жана финансы-кредиттик мекемелердин ишин жөнгө салат жана көзөмөлдөйт.

Министрлер кабинети тиешелүү мыйзамдын алкагында 2022-жылы 31-майда Мамлекеттик өнүктүрүү банкы ишканасын түзүү токтомун чыгарып, ачык акционердик коом Юстиция министрлигинен 2022-жылдын 25-июлунда каттоодон өткөн. Анын 100% акциясына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду ээлик кылып, алгачкы уставдык капиталы 2 миллиард сом деп аныкталган.

2022-жылы декабрда “Мамлекеттик өнүктүрүү банкы” ишканасына директор болуп Кыргызстандын жарандыгын жаңыдан алган орусиялык Евгения Судец дайындалган. “ПолитКлиника” басылмасы Судецтин күйөөсү Владимир Андросиктин Максим Бакиев менен байланышын иликтеп чыккан, маселе парламентте да көтөрүлгөн.

Евгения Судец 14-апрелде өз арызы менен кызматын тапшырып, анын ордуна Улан Сарбанов келген.

Май айында Сарбанов иштен кетип, анын ордун Талант Өмүралиев ээлеген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG