Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Голливуддун сценаристтери беш айдан берки иш таштоону токтотушту


Беш ай мурун иш таштаган Голливуддун сценаристтери студиялар менен болжолдуу келишим түзүлгөндөн кийин акцияны токтотушту.

Америка жазуучулар гильдиясы билдиргендей, Кесиптик кошуундар Кино жана телепродюсерлердин альянсы менен жаңы үч жылдык келишимди бекитти. Анда сценаристтердин айлык акысын жогорулатуу, иштөө шарттарын жакшыртуу, стриминг кызматтары менен иштөөнү жана жасалма интеллектти колдонууну жөнгө салуу камтылган. Келишимге ылайык, сценаристтер 27-сентябрдан жумушка чыгышы керек.

Голливуд сценаристтери быйыл майда, гильдия ири киностудиялар менен сүйлөшүүлөр токтоп калганын айтканда иш ташташкан. Андан бери жазуучулар Amazon, Netflix, Paramount жана Warner Bros. сыяктуу студиялардын имараттарынын алдында пикет өткөрүштү. Гильдиянын 11500 мүчөсү бар.

Нааразылыктардан улам фильмдердин жана сериалдардын премьералары жылып, телешоулор үзгүлтүккө учураган. "Эмми" сыйлыгын тапшыруу аземи кийинкиге жылган.

Июлда жазуучулардын иш таштоосуна актёрлор кошулган. 160 миңдей мүчөсү бар актерлордун кесиптик бирикмесинин нааразылыгы дагы деле уланууда. Актёрлор базалык маянаны жогорулатууну, тасманы кайра көрсөтүүдөн түшкөн каражаттан гонорар бөлүү жана алардын эмгегин жасалма интеллект менен алмаштырбоого кепилдик берүүнү талап кылышууда.

Бул - Голливудда 1960-жылдан бери биринчи жолу жазуучулар менен актёрлордун биргелешкен иш таштоосу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG