Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:15

Тоолуу Карабактын жикчил бийлигинин лидери Варданян кармалды


Рубен Варданян кармалган учур.
Рубен Варданян кармалган учур.

Эл аралык коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабак бийлигинин "мамлекеттик министри" болуп иштеген Рубен Варданян кармалды. Ал 27-сентябрда Лачын коридорунда колго түшкөнүн Азербайжандын Чек ара кызматы кабарлады. Аны күч кызматкерлеринин коштоосунда Бакуга алып кетишти.

Миллиардер банкир Варданян 2022-жылдын ноябрынан 2023-жылдын февралына чейин жикчил аймактын өкмөт башчысы болгон.

Азербайжан Тоолуу Карабактагы "антитеррордук" деп сыпатталган аскердик операцияны 19-сентябрда баштаган. Дээрлик 24 саатка созулган чабуулдардан кийин расмий Баку талаштуу аймакка өз көзөмөлүн орнотконун жарыялаган.

Баку бул операцияда эки жүзгө жакын аскери каза тапканын билдирди. Армения Тоолуу Карабакта жашаган 200 киши мерт болгонун кабарлаган.

Аймактын жикчил бийлиги Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндын басымдуусу Азербайжандын курамында жашагысы келбей турганын, алар "эски журтун таштап, жер которуп кетерин" айткан.

Армения өкмөтүнүн 27-сентябрындагы маалыматына ылайык, Карабактан 50 миңдей адам жер которуп келди.

1988-жылы башталган Карабак чатагы Азербайжан менен Армениянын ортосунда согушка алып келген. Баку 1994-жылкы ок атышпоо келишимине чейин Тоолуу Карабак аймагы жана ага жакын жети район оккупацияланган деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG