Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:22

Кыргыз-казак чек арасы: "Ак-Тилекте" 90дон ашык фура өтө албай турат


"Ак- Тилек" өткөрмө бекети.
"Ак- Тилек" өткөрмө бекети.

Кыргызстандын Чек ара кызматы 27-сентябрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 90дон ашык жүк ташуучу автоунаа кезек күтүп турганын билдирди. Мекемеден “Азаттыкка” кабарлашкандай, эки мамлекеттин тең чек ара бекеттери штаттык негизде иштеп жатат. Тыгындын пайда болушуна ташылып бараткан жүктөрдүн көлөмү өскөнү себеп болду.

“Бул күз мезгилинде азык-түлүктөрдү экспорттоонун көлөмүнүн өсүшүнө да байланыштуу болуп жатат. Эмесе чек ара өткөрмө бекеттери штаттык режимде иштеп жатат. Эки мамлекеттин бекеттеринин ортосунда көпүрө бар. Коопсуздук үчүн көпүрөнүн үстүнө жүк ташуучу унааларды тургузбай жатышат. Ошондуктан кыргыз тараптан өткөн унаа Казакстандын чек ара бекетине кирип кеткенден кийин кийинки унааны коё берип жатышат”.

Мунун алдында жергиликтүү басылмаларга жүк ташуучу унаалардын айдоочулары “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде тыгын пайда болгонун айтып, видео кайрылуу жолдошкон.

Буга чейин, август айынын соңунда кыргыз-казак чек арасында жүк ташыган машиналардын узун кезеги жаралган. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттерде кезек күтүү 20-августтан баштап пайда болгонун билдирген. Мекеме мындай абал үчүн Казакстанды "Евразиялык экономикалык биримдиктин принциптерин сактабай жатат" деп айыптаган.

Кыргызстандын Чек ара кызматы Казакстан буга чейин “Ак-Тилек” аркылуу бир саатта 14-15 автоунаа өткөрсө, ошол күндөрү 4-5 саатта бирден өткөрүп жатканын айткан. Мындай абал дээрлик 10 күнгө созулуп, кезек күткөн машиналардын саны 500дөн ашкан.

Казакстандын Чек ара кызматы өткөрмө бекетте эч кандай чектөө жок экенин, чек арада мыйзамсыз ишмердикке каршы иш-чаралар жүрүп жатканын жарыялаган. Кыргызстандан сыртка жүк негизинен Казакстан аркылуу ташылат. Казак тараптагы ар кандай чектөөлөрдөн улам жүк ташууда байма-бай түйшүк жаралып келет.

Кыргызстан менен Казакстан экономикалык интеграцияны күчөтүү максатында түзүлгөн Евразия экономикалык биримдигине мүчө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG