Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

Этностук армяндардын “Тоолуу Карабак” түзүмүн жоюу тууралуу буйрук чыкты


Жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы парламенттин алдына чогулган эл. Степанакерт. 9-сентябрь, 2023-жыл.
Жикчил Тоолуу Карабак аймагындагы парламенттин алдына чогулган эл. Степанакерт. 9-сентябрь, 2023-жыл.

Эл аралык коомчулук тааныбаган "Тоолуу Карабак республикасынын" лидери Самвел Шахраманян түзүмдү 2024-жылдын 1-январынан баштап жоюу жана ал жактагы мекемелерди таркатуу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу "Азаттыктын" армян кызматы жазды.

Бул чечимди кабыл алууга "азыркы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу Арцахтын (Тоолуу Карабактын армянча аталышы) калкынын коопсуздугун жана жашоодогу кызыкчылыгын камсыздоо артыкчылыгы" түрткү болгону белгиленди.

Документте азери тарап менен келишилген макулдашуу тууралуу да жазылган. Анда Тоолуу Карабактын тургундары жана куралын таштаган аскерлердин Лачын коридору аркылуу өз автоунааларында "эркин, ыктыярдуу жана тоскоолдуксуз өтүшү камсыздалары" белгиленген.

Тоолуу Карабактын айынан Армения менен Азербайжан 1980-жылдардын соңунан бери жаңжалдашып келген. Негизинен этностук армяндар отурукташкан Тоолуу Карабак автоном облусу Еревандын колдоосу менен Азербайжан ССРнын курамынан чыгып, 1991-жылы өз алдынча «Тоолуу Карабак Республикасы» деген жикчил түзүмдү негиздеп алган.

Андан бери тараптар ортосундагы куралдуу кагылышуулар миңдеген кишинин өмүрүн алды.

2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан аймакта «антитеррордук операция» баштаганын жарыялап, анын жыйынтыгында Тоолуу Карабактын лидерлери Бакунун шарттарына макул болуп, багынып беришти.

Тоолуу Карабактагы 120 миңдей этностук армяндардын дээрлик жарымы Арменияга чыгып кетти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG