Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

Өкмөт Кытайда “Жунда” заводу боюнча сүйлөшүү өткөрдү


“Жунда” заводу. Архив сүрөт.
“Жунда” заводу. Архив сүрөт.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кытайдагы иш сапарында Шэньси көмүр-химиялык мамлекеттик корпорациясынын "Жунда" ишканасынын жетекчиси Чжан Вэньци менен сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүүчү “Чайна Петроль Компани” ишканасын модернизациялоонун экинчи этабын баштоо маселеси талкууланды. Кытайдын Шэньси провинциясынын жетекчилиги “Жунда” долбоорун улантууга көңүл буруларын айтып, атайын жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди.

9-августта Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кара-Балтадагы “Жунда” мунайды кайра иштетүүчү заводуна барып, өндүрүш аймактары менен таанышкан. Анда төрт жылдан бери токтоп турган заводду ишке киргизүү жана модернизациялоо маселеси каралган.

Кытайдын “Чайна Петроль Компани” компаниясы ээлик кылганмунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводу 2019-жылы токтоп калган. Алгач анын себеби айтылбай, кийин 2020-жылы пандемияга байланыштуу экени кабарланган. Жогорку Кеңештин айрым депутаттары завод коррупциянын айынан иштебей турганын, ишкана текшерүүлөрдөн тажап, ишин токтотуп койгонун айтып чыккан.

"Жунда" заводу жыл сайын 800 миң тонна мунайды кайра иштетүүгө ыңгайлашкан. Кытайлык инвестор аны курууга 300 миллион доллар жумшаган. Завод 2013-жылы ишке берилип, бир жылдан кийин аз убакытка өндүрүшү токтоп, кайра уланган.

2015-жылы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) заводдун айрым кызматкерлерине "салыкты жашырды" деген айып менен кылмыш ишин козгогон. 2018-жылдын аягында Жайыл райондук соту бул ишти карап, "кылмыштын курамы жоктугуна" байланыштуу аларды актаган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG